Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды


Норвегияда өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алды.

Ал 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 3:9 эсебинде жеңилди. 1-айлампада Шаршенбеков үч упай менен алдыга чыккан. 2-айлампада тогуз упай молдовалык балбандын эсебине жазылды.

Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңген.

Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байге алышкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 кг, Чобану 60 кг салмакта күрөшкөн. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

Бул дүйнө чемпионатында Шершенбеков төрт беттеш өткөрдү. Алгач белорустук Максим Кажарискини 2:0, Ираклий Дзимистраишвилини 5:2, жарым финалда азербайжандык Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңген.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2016-ж.). Жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгелерин алган (2017-ж.). Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу күмүш байгеге ээ болгон (Бишкек, 2018-ж., Нью-Дели, 2020-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Токио Олимпиадасынын катышуучусу (7-орун).

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Норвегиянын Осло шаарындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында таймаштарын жыйынтыкташты. Бүгүн, 9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

Дүйнө чемпионатында буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло байге алган. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло тагынышкан.

2-октябрда Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG