Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Оренбургда алкоголго ууланган 26 киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусунда сапатсыз алкоголго ууланган ондогон адамдын 26сы көз жумду. Дагы 28 киши ооруканада жатат. Жалпысынан 54 киши ууланганын 9-октябрда ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирди.

Буга чейин 17 киши өлгөнү кабарланган.

Тергөө комитети жума күнү коркунучтуу продукцияны өндүрүү жана сатуу менен алектенген үч киши кармалганын жарыялады. Жалпысынан беш кылмыш иши козголгон.

Орусияда жасалма ичимдикке ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында "Боярышник" деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG