Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Рамзан Кадыровдун кызы Чеченстандын маданият министри болду


Айшат Кадырова.
Айшат Кадырова.

Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы аталган республиканын маданият министри болду.

22 жаштагы Айшат Кадырованын жаңы кызматы тууралуу аймактык парламенттин төрагасы Магомед Даудов Инстаграмга жазды.

Даудов Айшат республиканын маданият тармагын өнүктүрүүгө жогорку деңгээлде салым кошуп келгенин билдирди.

2020-жылдын декабрында Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Грозныйдагы Мектепке чейинки билим берүү департаментине жетекчи болуп дайындалган.

Чеченстанда адам укуктарынын аёосуз бузулушуна байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдын июлунда Рамзан Кадыровго санкция салган. Санкция анын жубайы Медни Кадыровага жана кыздарына да тиешелүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG