Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

АКШдагы кыргыз диаспорасы журтташтарды сабырдуулукка чакырды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсильванияда Кыргызстандын атуулу полициянын огунан көз жумгандан кийин АКШдагы кыргыз диаспорасы журтташтарды сабырдуулукка чакырган кайрылуу жасады.

Бир нече штаттарда жашаган кыргызстандыктардын өкүлдөрү бирге тараткан билдирүүдө Америкада көз жумган журтташтардын арасында мындай окуя болбогону белгиленген.

«Америкада кыргызстандыктар үчүн буга чейин түшкө кирбеген кырсык болду. Каза болгон маркум жигиттин жакындарына, ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азыр социалдык тармактарга тараган видеонун алдында ар кандай сөздөр жазылып жатат. АКШдагы бардык журтташтарды сабырдуулукка чакырабыз. Так маалымат азыр эч жерге чыга элек. Буга чейин кыргызстандыктар бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп келишкен. Расмий маалымат берилип, тиешелүү органдар өз чечимин чыгаргыча ачууга алдырбай, сабырдуу болууга чакырабыз. Америкадагы кыргызстандыктардын ынтымагын, мыйзамды сактайлы» - деп айтылат диаспоранын билдирүүсүндө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 8-октябрда тараткан маалыматка ылайык, АКШнын Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полициянын огунан өлгөн.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги окуя 5-октябрда болгонун билдирди. Элчилик окуянын чоо-жайын сурап, Пенсильвания штатынын полициясына кайрылды.

28 жаштагы маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын документтерди даярдап жатат. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы белгисиз.

Социалдык медиада таркаган видеодо жүк ташуучу машинелердин арасында атышуу болгону көрүнөт.

Элчилик маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага тиешелүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG