Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Казанда кандуу калаба орун алган мектеп директоруна айып тагылды


Мындан беш ай мурун кандуу калаба орун алган Казандагы гимназиянын директоруна кызматтык шалаакылык иши боюнча айып коюлду.

Бул ишти иликтеген тергөөчүлөр мектептин директору Амина Валеевага "имараттын коопсуздугун карап, күзөт менен камсыздаган эмес" деген кине коюшту.

Класстардын биринде радиодинамик дагы иштебей калган.

11-май күнү 19 жаштагы куралчан Ильназ Галявиев мектептин аймагына ээн-эркин кирип барып, окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган. Анын кесепетинен бир нече окуучу каза болгон.

Кылмыш ишинин алкагында мектеп директору Амина Валеевага шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы тандалды.

Бул иш боюнча мектептин коопсуздугун караган жеке менчик күзөт фирмасынын жетекчиси менен кабарландыруу тутумунун инженери дагы фигурант катары өтүшүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG