Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Баткен жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда


Улуттук статистика комитетинин 8-октябрдагы маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% өстү.

Эң кымбат баа Ноокат районунда катталып, бир тоннасы 8390 сомдон болсо, Баткенде бир тонна көмүр 8 377 сомго сатылууда.

Чаекте 2,5 миң, Балыкчыда 4 миң, Токтогулда 4 373, Исфанада 6,5 миң сомго сатылууда. Статком баш калаа Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4,5 миң сомдон деп белгилеген.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда.

Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG