Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Бишкекте Казакстандын археологиялык табылгаларынын көргөзмөсү ачылды


Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 8-октябрда Казакстандын археологиялык артефакттарынын жана сүрөт көргөзмөлөрүнүн ачылышы болду.

Ага Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Акан Абдуалиев жана Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган эки өлкөнүн маданий ишмерлери катышууда.

Көргөзмөгө Казакстандагы айтылуу археологиялык табылга болгон "Алтын киши" баштаган бир нече тарыхый экспонаттар коюлду.

"Алтын киши" Алматыга жакын аймакта 60-жылдардын аягында табылган. Ал б. з. ч. VI-V кылымга таандык сактар доорунан калган эстелик экени божомолдонуп келет.

Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 7-октябрда башталган, ага коңшу өлкөнүн 300дөн ашуун маданият өкүлдөрү келген. (Mzh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG