Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

Октябрь окуясындагы башаламандык боюнча сот 18-октябрга жылды


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сот бүгүн, 8-октябрда башталды. Отурумга айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы үчүн сот отуруму 18-октябрга жылды.

Ага чейин сот отурумуна мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Жеңиш Молдокматов алып келинген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттык" радиосуна бул ирет алдын ала угуулар болорун жана сот процесси жабык өтөрүн кабарлады.

"Бүгүнкү күндө айыптоо тараптын версиясы боюнча, 5-6-9-октябрдагы окуялардын баарын алты киши уюштуруп, ишке ашырган деп жатышат. Алар: Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев, Алмазбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана Өмүрбек Бабанов. Бирок, Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн экен. Эмне себептен бөлүнгөнү белгисиз", - деди Жоошев.

2020-жылы 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Кийин Султанбеков менен Асанов үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калган.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан Жеңиш Молдокматов 8-майда камалган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митингги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрда өтөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG