Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиону болду (видео)


Мээрим Жуманазарова. Токио-2020. Август, 2021-жыл.
Мээрим Жуманазарова. Токио-2020. Август, 2021-жыл.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алтын медал утту.

Ал бүгүн, 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (4:0).

Рин Мияжи 21 жашта, 2019-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында күмүш байге алган. Ал жарым финалда Токио Олимпидасынын чемпиону, Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, америкалык Тамира Менсаны жеңип чыккан эле.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова бул чемпионатта жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8:0, чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде утту. Жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңди.

Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан үч спортчу барган. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынса, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге алган эле.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында коло байге алган. Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан барды.

Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында эки алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар. Буга чейин эркин күрөш боюнча таймаштарда күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алган. 7-октябрда грек-рим күрөшүнөн Сардарбек Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайратбек Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) килемге чыгып жеңилишти. 8-9-октябрда Жоламан Шаршенбеков 55 кг, Калы Сулайманов 63 кг, Марлен Асикеев жана Бексултан Махмудов күрөшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG