Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

Грек-рим күрөшү: кыргызстандык төрт балбан жеңилип калды


Архив. Кыргызстандык балбан Руслан Царев көк кийимчен. 14-сентябрь, 2019-ж.
Архив. Кыргызстандык балбан Руслан Царев көк кийимчен. 14-сентябрь, 2019-ж.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык балбандар байгесиз калышты.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 7-октябрда байге үчүн Сардар Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) күрөштү.

Калидин Асыкеев менен Кайрат Түгөлбаев биринчи беттештеринде азербайжандык балбандарга жеңилсе, Сардарбек Конушбаев менен Руслан Царев биринчи беттештерин утуп, кийин чейрек финалдан өтө албай калышты. Эртең, 8-октябрда дүйнө чемпионатында 60 кг, 97 кг жана 130 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. 60 килограмм салмакта Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.), 2020-жылдагы Дүйнө кубогун уткан Жоламан Шаршенбеков, 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.

Ал эми 9-октябрда Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67) килемге чыгат. 2-октябрда Новрегиянын Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.

Буга чейин эркин күрөштөн Кыргызстандын балбандарынан Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы коло байге алган. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта бүгүн финалда күрөшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG