Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Акыйкатчы Башкы прокуратурага саясатчыларды тыңшоо боюнча экинчи жолу кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытовго саясатчы Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана активист Рита Карасартова жеке жашоого мыйзамсыз кийлигишүү маселеси менен кайрылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар ачык кайрылуусунда, Кыргызстандын Конституциясынын 29-беренесине ылайык, ар бир адам кат алышуу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн купуя сактоого укуктуу экенин, бул укуктарды чектөөгө соттун чечими менен гана жол берилерин белгилейт.

Кайрылгандар 29-сентябрда Клара Сооронкулова жана Рита Карасартованын Telegram каналдагы аккаунттары бузулганын, аудио билдирүүлөрү социалдык тармактарга чыгып кеткенин билдирген. Токтогазиева менен Жоошевдин аккаунттары дагы бузулган. Акыйкатчыга кайрылган саясатчы, активисттер алардын телефон сүйлөшүүлөрү дайыма мыйзамсыз тыңшоодо экенин белгилешкен.

Акыйкатчы Токон Мамытов жогорудагы кайрылуу боюнча укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүүнү суранып, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин спикерине, Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисине кат жолдогон.

Башкы прокуратура Омбудсменге “шектүүлөргө байланышы жана кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн экенин аныктоо, текшерүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматы 6-январда 100 адамдын телефондук байланыштарын тыңшоо өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылганын жана ал канааттандырылган” деп жооп берген. Башкача айтканда, башкы көзөмөл орган телефон тыңшоолор мыйзамдуу болгонун билдирген.

Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурага кайрадан кайрылып, “100 жарандын арасында депутат, партия өкүлдөрү бар экенин белгилеп, сотто Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу эске алынганбы тыңшоого негиз болуучу материалдар болгонбу?” деген суроо койду.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан. Ички иштер министрлиги муну моюнга алганы менен тыңшоолордун корутундусу жашыруун болорун билдирген.

30-сентябрда саясатчы, юрист Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга тарады. Сооронкулова тыңшоонун артында күч кызматтары турат деп белгилеп, бул иш боюнча Акыйкатчы институтуна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Ага чейин юристтер Сания Токтогазиева жана Замир Жоошев Телеграм каналына чабуул болуп жатканын билдиришкен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG