Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Өзбекстан Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алат


Орусиянын Самара аймагындагы талаада иштеген өзбекстандык мигрант. 22-сентябрь, 2020-жыл.
Орусиянын Самара аймагындагы талаада иштеген өзбекстандык мигрант. 22-сентябрь, 2020-жыл.

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алып, соя жана буудай өстүрүүнү көздөп жатат. Тараптар азырынча 35 миң гектарды тесттен өткөрүүнү чечишти.

Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаев менен Орусиянын айыл чарба министрилигинин өкүлдөрү менен өткөн онлайн жыйында маалым болду.

Белгилүү болгондой, ал жерден алынган түшүм Өзбекстанга экспорттолот. Анткен менен ысымын атагысы келбеген айрым өзбекстандык адистер бул жараяндын ийгиликтүү болушунан күмөн санашат.

"Өзбекстандык мигранттарга алыстагы, буга чейин айдалбаган талааларды берип коюшу мүмкүн",-дейт алардын бири.

Ал арада коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттардын көбү Орусиядан чыгып кеткендиктен, эмгек күчүндө таңкыстык жаралган.

Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бир эле Астрахань облусунда 11 миңдей жумушчу жетишпейт. Күнүмдүк төлөнчү акча 1200 рублдан 1500-2000 рублга чейин көтөрүлсө дагы жергиликтүүлөр талаага чыгууну каалашпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG