Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу керек


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордун уюгун жок кылуу керек экенин билдирди. Ташиев бул тууралуу 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында айткан.

"Мамлекетибиздин кайсы жеринде уюшкан кылмыштуу топтун уюгунун өзөгү болсо, демек ошол жерде УКМКнын кызматкерлеринин ишинин начардыгынан кабар берет. Мамлекеттин бардык булуң-бурчунда уюшкан кылмыштуу топтор болбош керек. Мындай түшүнүктү жоюшубуз керек. Туура, эл болгондон кийин ар кандай кылмыштуулук катталып турат. Бирок биз уюшкан кылмыштуу топторго чабуул жасашыбыз керек", - деди Ташиев.

Ал Ала-Бука районунда бир катар тоо-кен өндүрүшү иштеп жатканын, аларга уюшкан кылмыштуу топтордун зордук-зомбулук көрсөтүүсүнө бөгөт коюу керек экенин белгилеген.

Камчыбек Ташиев өткөн жылы атайын кызматтын башына келгенде уюшкан кылмыштуу топтор менен аеосуз күрөш жүрө турганын билдирген. Ал ишкерлерге кайрылып, кылмыштуу топтор кысым кылып жаткан болсо атайын кызматка маалымат берүүнү өтүнуп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн үзүрү жакында көрүнө баштай турганын айткан.

Ташиевдин ал билдирүүсүнөн кийин уюшкан кылмыштуу топтордун бир канча мүчөсү кармалганы кабарланган. Айрымдары кайра кое берилген.

2020-жылы 22-октябрда атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаган.

№47 колонияда кармалып турган Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен 2-мартта абактан бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

Беш жылга эркинен ажыратылган “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар дагы бир кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү Чыңгыз Жумагулов эки жылдан кийин ушул жылдын 10-июлунда абактан чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG