Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Ош шаарынын эн белгисин түзүүгө сынак жарыяланды


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык мэриясы калаанын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн "Ош - Silk Road Provider" деген аталышта сынак жарыялады. Мэр Алмаз Мамбетов шаардын эн тамгасы туристерди тартууга салым кошот деп айтууда.

Шаардык бийликтин билдирүүсүндө, сентябрь айында өткөн регионалдык туристтик форумда эл аралык эксперттер Ош шаарын "Улуу Жибек Жолунун негизги туристтик провайдери" катары таанышкан. Мындан улам мэрия Оштун фирмалык стилин ойлоп табууга сынак жарыялады.

"Шаардын туристтик продукциясы жана бренди Ошко жүз миңдеген туристтерди тартат. Анын аркасы менен шаар мурдагы улуулугун жандандырат, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берет", -деди Мамбетов.

Сынакка 1-ноябрга чейин кыргызстандыктар, чет өлкөлүктөр катышса болот. 1-орунга 100 миң сом, 2-орунга 50 миң сом ыйгарылмакчы.

Туризм тармагындагы адистер 2020-2021-жылдары сырттан туристтер дээрлик келбей калганын айтышат. Ал эми ички туризм мурункуга салыштырмалуу кыйла жанданган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG