Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Бишкекте казакстандык маданият ишмерлери сыйланды


Сыйлык тапшыруу учуру.
Сыйлык тапшыруу учуру.

Бишкекте Казакстандын белгилүү өнөр адамдары сыйланды. Иш-чара Опера жана балет театрында өтүп, ага маданият жана маалымат, спорт министри Кайрат Иманалиев катышты.

Коңшу мамлекеттин маданий ишмерлерин сыйлоо аземи Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган.

Анда Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкуловага Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык академиянын академиги наамы ыйгарылды.

Айтматов атындагы эл аралык сыйлык СССРдин эл артисттери Асанали Ашимовго, Алибек Днишевге жана Казакстандын эмгек баатыры Роза Рымбаевага ыйгарылды.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ардактуу профессору наамы Казакстандын эл артисттери Макпал Жунусовага, Майра Мухамед кызына жана Алтынбек Коразбаевге тапшырылды.

Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлык менен Казакстандын эл артисти Нуржамал Усенбаева сыйланды. Кээ бир маданий ишмерлерге маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси тапшырылды.

7-9-октябрь күндөрү Бишкекте Казакстандын маданият күндөрү өтөт. Бишкекке 300дөн ашуун казак өнөрпоздору келген.

7-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт болот. 8-октябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, 14-октябрга чейин уланат. Үч күн бою казак режиссерлору тарткан көркөм тасмалар "Манас", "Россия", жана "Октябрь" кинотеатрларында акысыз көрсөтүлөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG