Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

"Кыргызкөмүр" Кара-Кечени "альфачылар" кайтарып жатканын түшүндүрдү


Кара-Кече. 2012
Кара-Кече. 2012

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кенин атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн 12 аскери кайтарып жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору өлкө башчыларына убагында кайрылуу жасаган экен. Алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп калгандыктан гана "Альфанын" балдары Кара-Кечеге жиберилген. Быйыл суу аз болгондугуна байланыштуу калкка жана Бишкек ЖЭБине көмүр казып чыгаруу тыкыр көзөмөлдө", - деп "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Алар күз-кыш мезгилинде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турарын "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.

"Бүгүнкү күндө өлкө башчыбыз менен Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы - ред.) 12 кишиден турган "Альфа" командасын берди. Алар курал-жаракчан, биздин филиалдагы 20 кишиден турган коопсуздук кызматкерлери менен чогуу кызмат өтөп жатат. Беш күн болду. Күз-кыш мезгилинде коопсуздукту сакташат. Калган ишканалардан "Шарбон" жабык акционердик коому бар, аларга Ички иштер министрлиги менен сүйлөшүп берип жатабыз", - деген Жакыпов.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып келет. Көмүр кенинде 2020-жылдын 28-августунда ок атылып, "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган.

2019-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Буга чейин көмүр ташыган машиналарды кезексиз өткөргөндөр боюнча териштирүү жүргөн.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган.

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр казылды. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG