Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Шайлоо-2021: "Ынтымак" жана "Келечек" партиялары шайлоого чогуу барат


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого чогуу барат. "Ынтымак" саясий партиясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, 6-октябрда макулдашууга эки партиянын жетекчилери - Марлен Маматалиев ("Ынтымак") менен Чыңгыз Макешов ("Келечек") кол коюшту.

Буга чейин шайлоого "Намыс жана Тартип" коалициясынын алдында чогуу барарын бир нече саясий партия жана кыймылдар билдирген. "Улуттар Биримдиги", "Ар-Намыс", "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы" жана "Мекендештер", "Элдик көзөмөл", "Көзөмөл" "Мекен сакчысы" кыймылдарынын лидерлери парламенттик шайлоого бирге баруу боюнча келишимге 4-октябрда кол коюшкан.

Мурдараак оппозициялык "Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары бирдиктүү альянс болгонун жарыялашкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Эки партия: "Аалам" жана "Ак ниет" партиялары шайлоого катышуудан баш тарткан.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG