Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Химиялык куралга тыюу салуу уюму Орусияга Навальный боюнча суроо жөнөттү


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

45 мамлекет мүчө мүчө болгон Химиялык куралга тыюу салуу уюму шейшембиде оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууланганын иликтөө боюнча Орусияга суроо-талап жөнөттү. Эреже боюнча орус бийлиги 10 күн ичинде жооп бериш керек.

Расмий Москвага багыттталган төрт суроо уюмдун сайтында жарыяланды. Анда бийлик 2020-жылы 20-августта Орусиянын аймагында химиялык курал колдонулганына байланыштуу кандай аракет болгон деген суроо берилген.

Суроо-талапта химиялык куралга тыюу салуу конвенциясында Орусия аны колдонгондорго чара көрүү жөнүндө милдеттенме алганын белгилеген. Ал аракеттердин жыйынтыгын жана Навальный “Новичок” деп аталган химиялык куралга ууландырылган деген уюмдун эксперттеринин корутундусуна түшүндүрмө сураган. Суроо-талапка ылайык, Орусиянын бул окуя боюнча кийинки кадамдарын айтышы керек. Акыркы суроо Химиялык куралга тыюу салуу уюму менен Орусиянын кызматташтыгы, анын ичинде уюмдун эксперттеринин Москвага сапары жөнүндө жазылган.

Суроо-талап канааттандырылбаса, Орусия бийлигинен маалымат алуу эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Анын алкагында Химиялык куралга тыюу салуу уюму Навальныйдын ууландырылганы боюнча атайын сессияга чогулушу мүмкүн. Буга чейин Навальныйдын ууланганын четке кагып келген орус бийлиги уюмдун суроолору боюнча үн ката элек.

Оппозициячыл саясатчы былтыр августта ууландырылгандан кийин Германияда дарыланып, быйыл январда Орусияга кайтып келгенде камакка алынган. Ага жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, дээрлик үч жылга кесилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG