Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстанда пандемиянын башталышы жөнүндө кино тартылды


Тасмадан алынган скриншот.
Тасмадан алынган скриншот.

Өлкөдө коронавирус алгачкы катталган 2020-жылдын март айында Бишкектеги дарыгерлердин COVID-19 менен күрөшү, курмандыктар көп катталган июнь-июль айларындагы абал жөнүндө кыскача даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу тасма жаратуучулар кабарлады.

Тасмада дарыгерлер адамда мурда кездешпеген оору менен күрөшүү канчалык оор болгону айтып беришкен. Кинону бул жактан көрсө болот.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 852 адамга жетти. Бул аралыкта 173 622 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери жалпы 2610 адам каза болду. Бир күндө 84 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 451 адам ооруканада, 684 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө 2020-жылы июндун акырында жана июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган. Эң жогорку көрсөткүч катары 2020-жылдын 15-июлунда 85 адам каза болгону, 19-июлунда илдет бир суткада 1485 кишиден табылганы айтылып жаткан.

Пандемиядан бери жүздөн ашык медицина кызматкери вирустан көз жумду. Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн медкызматкердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу жобо чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, өлгөндөргө 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG