Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Депутат Никитенко өкмөттүн кышка даярдыгын сындады


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Министрлер кабинети өлкөнүн кышка даярдыгы жөнүндө маалымат бербей жатканын айтып, сынга алды. Эл өкүлү бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Азыркы мезгилде өлкө парламенти коомчулукту тынчсыздандырган суроолорду талкуулоочу жер болбой калды. Биз Министрлер кабинетинен жооп ала албай жатабыз. Кыш жакындады. Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча отчету кана? Көмүр боюнча көйгөй барбы? Мектеп, ооруканалар даярбы? Аларга бул кызыксыздай сезилет”, - деп жазды депутат.

Азырынча Министрлер кабинети депутаттын сынына жооп бере элек.

Министрлер кабинетинин сайтында төрөга Улукбек Марипов өлкөдөгү ГЭСтерди кыдырып, аймактарга жолугушууларды өткөрүп күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип жатканы жөнүндө кабарлар чыгууда.

5-октябрда Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларга, үйлөргө жылуулук бериле баштады.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG