Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Румыниянын өкмөтү отставкага кетти


Флорин Кыцу. Румыниянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри. 5-октябрь, 2021-жыл.
Флорин Кыцу. Румыниянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри. 5-октябрь, 2021-жыл.

Румыниянын парламенти Флорин Кыцу жетектеген өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, толук курамы менен кызматтан кетирди. Бул демилгени румын парламентинин 281 депутаты колдоду.

Буга чейин өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин парламентте Румыниянын Социал-демократиялык партиясы көтөргөн. Аны кийин Румынияны сактоо союзу менен Румындар биримдиги үчүн альянсы колдоп чыккан.

Румынияда саясий кризис премьер-министр Флорин Кыцу юстиция министри Иона Стелиананы кызматынан алгандан кийин, быйыл сентябрь айында эле башталган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG