Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

“Улуттук энергохолдинг”: Бишкекте түнкү жарыктандыруу өчүрүлбөйт


Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт.
Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт.

“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы Бишкектин түнкү жарыктандыруусуна чектөө киргизбөө чечими кабыл алынганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Буга чейин бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганын билдирген.

“Улуттук энергохолдингдин” маалыматына ылайык, 3-октябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,2 млрд. куб болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд. куб сууга аз топтолду дегенди билдирет. Мамлекеттик ишкана жарандарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгын алдын алуу үчүн жылуулук менен камсыз кылуунун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG