Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

Осло-2021: Тыныбекова жана Акматалиев жарым финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешинде.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешинде.

Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалдык беттешке чыгышты.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы мөөнөтүнөн мурда таза жеңип (6:6), мындай мүмкүнчүлүктү алды. Тыныбекова буга чейин 1/8 финалда жапониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 6:4 эсебинде жеңишке жеткен. Алдыда жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшөт.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Акматалиев буга чейин 1/16 финалда шриланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Алдыда жарым финалда орусиялык Евгений Жербаев менен күрөшөт.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешинде. Осло, Норвегия. 4-октябрь, 2021-ж.
Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешинде. Осло, Норвегия. 4-октябрь, 2021-ж.

Бүгүн, 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге үчүн күчүн сынайт. Азырынча атаандашы белгилүү боло элек. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG