Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

Орусияда соңку суткада COVID-19дан эң көп бейтап көз жумду


Санкт-Петербургдагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган оорукана.
Санкт-Петербургдагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган оорукана.

Орусияда 2-3-октябрь күндөрү COVID-19 илдетинен 890 киши кайтыш болду. Бул пандемия башталгандан бери коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк санынын эң жогорку чеги.

Орус өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 769 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Алардын 4294ү баш калаа Москванын тургундары.

Натыйжада Орусияда илдетке чалдыккан жарандардын жалпы расмий саны 7,5 миллиондон ашты. Алардын 210 миңден ашууну көз жумду.

Орусия коронавирустун курмандыктарынын саны жана илдеттин жайылышы боюнча Европадагы алдыңкы саптарда турат. Адистер бул өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, вирустун "Дельта" варианты да жайылып жатканын билдиришүүдө.

Расмий эсепке ылайык, 146 миллиондой калкы бар Орусияда 50 миллиондой киши коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасы менен эмделди. Учурда өлкөдө COVID-19га байланыштуу чоң карантиндик чектөөлөр жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG