Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Нью-Йоркто памир тилдеринде жазылган китептердин бет ачары өттү


Хусния Худжамёрова.
Хусния Худжамёрова.

Нью-Йоркто 2-октябрда памир тилдеринде жазылган китептердин бет ачары өттү. “Pomir Zindaist” жана “Pomeri Sogen” деген аталыштагы вахан, шугнан тилдериндеги жомок китептерди жаш изилдөөчү Хусния Худжамёрова (Давлатёр) топтогон. Ал жок болуу коркунучуна кептелген вахан, шугнан, бартанг, рушан, ишкашим тилдерин сактап калуу боюнча маселе көтөрүп, изилдеп жүрөт. Китепте жомоктордун англис, орус тилиндеги котормолору берилген.

Хусния Худжамёрова "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматына берген маегинде, китептердин чыгышына америкалык изилдөөчүлөр Даниэль Кауфман менен Роза Перлин көмөк көрсөткөнүн айтты.

“14 жылдан бери Бадахшан фольклорун чогултуп, изилдеп жүргөнүмдүн дагы мага чоң жардамы тийди. Келерки жылы АКШда памир тилиндеги дагы үч китеп басылып чыгат деп үмүттөнөм”, - деди жаш изилдөөчү.

Буга чейин дагы иран тилдеринин тобуна кирген памир тилдери боюнча бир нече жаш изилдөөчүлөрдүн эмгектери жарык көргөн. Алардын бири - Шервоншо Аламшоев 13 жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен өткөн жылы биринчи "Шугнан-тажик-орус-англис сөздүгүн" түзгөн. Анын айтымында, шугнан тилинде Тажикстан менен Ооганстан аймагында 150 миңдей киши сүйлөйт. Бирок аны мектептерде жана ЖОЖдордо окутпайт.

Изилдөөчүлөр Памир тилдери – Батыш жана Түштүк Памирде, ошондой эле Ооганстандын Тажикстан менен чек аралаш райондорунда, Пакистан менен Индиянын түндүгүнө жайылган. Жалпысы болуп 300 миң чамалуу киши колдонот деп айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG