Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

БУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкуулады


Сирожиддин Мухриддин жана Антониу Гутерриш.
Сирожиддин Мухриддин жана Антониу Гутерриш.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болуп, тараптар Ооганстандагы кырдаалды талкуулады. Ооган элине чукул гуманитардык жардам берүү жана бул өлкөдө гуманитардык капсалаңга жол бербөө тууралуу сөз болду.

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, саясий, социалдык-экономикалык, гуманитардык, экологиялык жана коопсуздук маселелеринде мамилени бекемдөө тууралуу сөз болду.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы 1400 чакырым. Ооганстанда бийликке "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын келиши менен өлкөнүн түндүгүндө жашаган жүздөгөн адамдар Тажикстанга качып өткөн. Тажик бийлиги эл аралык коомчулукка кайрылып, ооган качкындарына жардам берүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG