Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Грузия: БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады


Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын өкүлү Георгий Мумладзе жана бийликтин "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү Заур Даргали (алдыңкы планда) №48 шайлоо участогунда чыккан чырдан кийин. 2-октябрь, 2021-жыл.
Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын өкүлү Георгий Мумладзе жана бийликтин "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү Заур Даргали (алдыңкы планда) №48 шайлоо участогунда чыккан чырдан кийин. 2-октябрь, 2021-жыл.

Грузияда 2-октябрда өткөн шаар мэрлерин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Жекшембинин таңына карата 3743 добуш берүү участогунун 1446сында добуштар саналды. Ага ылайык, бийликчил "Грузин кыялы" партиясы 48,56%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы -31,23% добушка ээ болду.

БШКнын төрагасы Гиоргий Каландаришвили шайлоонун жыйынтыгы тууралуу толук маалымат бир нече сааттан кийин аныкталарын журналисттерге билдирди.

2-октябрда Грузияда 64 шаардык мэрге талапкерге жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө шайлоо болду.

Грузиядагы шайлоо былтыр "Грузин кыялы" партиясы шайлоодо утуп чыккандан кийинки саясий кризис убагында өттү. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

2-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Тбилисиде митинг өтөрү кабарланган. Аны утурлай өлкөгө келген мурдагы президент Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген Саакашвили каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG