Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Максат Касенов сотко алып келинди


Максат Касенов.
Максат Касенов.

Активист Максат Касенов бүгүн, 2-октябрда кечке жуук Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы ырастап, бирок себебин ачыктаган жок.

Айрым маалыматтарга караганда, ушул тапта Касеновдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Мурдагы депутат Максат Касенов "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармалганын Ички иштер министрлиги билдирген. Маалыматка ылайык, ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси (киши өлтүрүүгө аракеттенген") менен шек саналып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция Касеновдун Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганын маалымдаган.

Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы ал "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, иш козголгону маалымдалган.

Маалымат сайттары анда мушташ Каракол шаарындагы таасир талашкан топтордун ортосунда чыкканын жазышкан.

Максат Касенов соңку кезде учурдагы бийликтин ишин сынга алып жүргөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG