Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Акыйкатчы: Укук коргоочу Камил Рузиев документ жасаган эмес


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Акыйкатчы институту укук коргоочу Камил Рузиев документ жасабаганын аныктады. Бул атайын экспертизанын натыйжасында аныкталганын омбудсмен Токон Мамытов "Азаттыкка" билдирди.

"Укук коргоочу Камил Рузиевди медициналык документти жасаган деп тергөөчүлөр айыпташкан экен. Ал укугун коргоп берүүсүн өтүнүп, бизге кайрылган. Атайын экспертиза көрсөттү: документ жасалма эмес, Рузиев аны жасалмалаган эмес".

Токон Мамытов Акыйкатчы институту Камил Рузиевдин укугун коргоп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Укук коргоочу Камил Рузиев 2020-жылдын 29-майында "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалган. Эки күндөн кийин үй камагына алынган.

Кийинчерээк анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

Камил Рузиев Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG