Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Бишкекте 9 жаштагы бала инилерин өрттөн сактап калды


Инилерин өрттөн куткарган Нурмухамед Жумабаевди сыйлоо учуру. 1-октябрь, 2021-жыл.
Инилерин өрттөн куткарган Нурмухамед Жумабаевди сыйлоо учуру. 1-октябрь, 2021-жыл.

24-сентябрда Бишкектин Биринчи май районундагы Ласло Месарош көчөсүндөгү үй өрттөнгөн. Үйдө жети, беш жана үч жаштагы үч бала болгон. Балдардын улуусу - тогуз жаштагы Нурмухаммед күйүп жаткан үйдөн инилерин алып чыгып, куткарып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаарындагы башкармалыгы 1-октябрда №49 орто мектебинин 3 "К" - классынын окуучусу, тогуз жаштагы Нурмухамед Жумабековду бул эрдиги үчүн "Ардак грамота" менен сыйлады.

Сыйлоо аземи Нурмухамед окуган мектепте болду. Башкармалыктын өкүлү Нурмухамед кичинекей болсо да инилерин кырсыктан куткарып калганын эрдик кылганын белгиледи:

"Нурмухамед өзү кичинекей болсо да, туура чечим чыгарып, коркуп качып кетпей, күйүп жаткан үйдөн кичүү бөбөктөрүн алып чыгып, аларды түтүнгө ууланып калуудан жана өрттөн сактап калган. Бул эрдиги менен ал баарыбызга үлгү болду".

ӨКМдин басма сөз кызматы Нурмухамед жашаган үйдө чыккан өрттүн себеби иликтенип жатканын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча 2021-жылдын сегиз айында өрт өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп катталган.

Өрт негизинен электр жабдууларын, мешти жана морду этиятсыз колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан чыккан. Кырсык эң көп Чүй облусунда катталган. Кийинки орунда Баткен облусу, Бишкек шаары турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG