Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:16

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы 2019-2020-жылы тартылган тасмалар үчүн ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында өттү. Пандемиядан улам былтыр сыйлык тапшырылган эмес.

"Жөө күлүк" тасмасы "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкты оператор", "Мыкты сүрөтчү", "Мыкты композитор", Мыкты монтаж", "Мыкты эркек ролу" номинациялары боюнча байгеге татыды.

Калган номинациялар боюнча сыйлыкка татыгандар:

  • "Мыкты үн режиссеру" Марс Тугелов
  • "Мыкты аял ролу" Жамиля Сыдыкбаева ("Бажарики 3")
  • "Мыкты даректүү тасма" Чыңгыз Сулумбеков ("Күн карама")
  • "Мыкты кыска метраждуу тасма" Тынчтык Абылкасымов ("Чек арада")
  • "Көрүүчүлөр жактырган тасма" ("Апамды издеп 2" реж: Руслан Акун)
  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы"; Адильхан Ержанов ("Черный, черный человек")

Андан тышкары атайын эки сыйлык тапшырылды. Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев "Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн", казакстандык кинорежиссер Асанали Ашимов "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" сыйланды.

“Ак илбирс” кино сыйлыгы жыл ичиндеги эң мыкты кинемотография адисин жана ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.

Аталган кино сыйлык 2012-жылы белгилүү кинематографтар тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелет. Ал Кыргызстан кинематографтар союзу жана "Айтыш" коомдук фондунун колдоосунда жыл сайын өткөрүлөт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG