Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Казак соту Арон Атабекти үй камагына чыгарды


Казакстанда түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабек.
Казакстанда түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабек.

Казакстанда сот түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабекти үй камагына чыгарды. Диссидент акын жакында эле ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Атабек 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган.

Атабек бир нече күн мурда ооруканага түшкөнүн 28-сентябрда укук коргоочу Елена Семенова билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып келет. 2012-жылы күнөөсүн моюнуна алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан.

Бир топ жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар казак бийлигинен акынды бошотууну талап кылып келген.

Укук коргоочулар билдиргендей, ал түрмөдө кыйноого кабылган. Өткөн айда активисттер Атабектин алсыраган сүрөтүн чыгарып, бул коомдук резонанс жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG