Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Бишкекте ат спорту боюнча мелдеш өтөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарында 2-3-октябрь күндөрү ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт. "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген мектебинде өтө турган мелдеш балдар, жаштар жана чоңдор арасында өткөрүлөт. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы ага 50дөн ашуун спортчу катыша турганын билдирди.

Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Ат спорту боюнча федерация уюштурууда. Чемпионат өлкөдө ат спортун жайылтуу, өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын спортчулары ар кандай эл аралык мелдештерге катышып турушат. 2015-жылы Москвада өткөн "Достук кубогунда" 10 команда катышып, жеке чабандестер дагы, команда дагы биринчи оорунду ээлеген.

Кыргызстанда 1948-жылдан тарта республикалык мелдештер өткөрүлүп, ат спорту өнүгө баштаган. 1951-жылы Москва шаарында өткөрүлгөн биринчиликте Ысык-Көлдөгү №54 жылкы заводунан "Гвидон" деген аты менен П. И. Мансуров СССРдин чемпиону наамын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG