Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Эне-баланы салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды


Социалдык тармакка тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармакка тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарында коляскасы менен турган эне-баланы салбай кеткен 203-маршрутканын айдоочу кармалды.

Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, аталган кызматтын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, айдоочу 37 жаштагы М.Б. аттуу жаран экенин аныктаган.

Ал өзүнүн аракети боюнча түшүндүрмө берип, жалпы коомчулуктан жана жүргүнчү келинден кечирим сураган.

"Айдоочу бир жыл мурда дагы ушундай окуя болуп, ошонун кесепетинен жол кырсыгына кабылып, чыгымын толук төлөгөнүн, ошол себептүү жаш келинди албай кеткенин билдирген. Азыркы учурда аталган айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук милициясына жеткирилди", - деди Айткул уулу.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалымдашынча, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Балалуу аялга орой мамиле кылган киши айдоочулардын "кара тизмесине" киргизилди.

Шаардагы 203-машрутканын айдоочусу баласын ээрчиткен аялды маршруткага салбай кеткен видео социалдык тармактарга тараган. Анда айдоочу "коляска үчүн төлөйм" дегенине карабай маршруткага түшүп бараткан жүргүнчүнү наристе кызы менен сыртка түртүп чыгарып салган.

Ушундан кийин Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы бул окуяны териштирүү үчүн ушул каттамды тейлеген "Бригадалар кеңеши" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисин чакырган.

Кайгуул кызматы 203-маршруттук каттамдын жалпы бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузууларга байланыштуу эки протокол түзүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып салды.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG