Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Майыптыгы бар бала баккан камкорчулардын айлык акысын узартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева майыптыгы бар балдарын бакканы үчүн мамлекеттик бюджеттен айлык алган ата-энелердин - камкорчулардын маселесин көтөрдү. Депутат 30-сентябрда парламенттик отурумда камкорчунун айлык акысын бала 18 жашка чыккандан кийин да улантып төлөп берүү маселесин карап чыгууну Социалдык фонддун өкүлүнөн суранды:

"Бир нече жыл мурун өкмөт майыптыгы бар балдарын баккан энелерге же башка туугандарына жеке ассистент катары айлык акы төлөп берүү жөнүндө эң туура чечим кылган. Ага ылайык, майыптыгы бар бала 18 жашка толгондо камкорчуга айлык акы төлөө токтотулат. Бирок бала 18ге толгондо эле куландан соо болуп калбасы белгилүү. Ошондуктан, майыптыгы бар балдарды багып жаткан камкорчулардын айлык акысын андан ары улантып төлөп берүү жагын караштырып берсеңиздер", - деди ал.


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев мындай өтүнүч менен кайрылган жарандар бар экенин билдирип, бул маселе караларын айтты.

2019-жылдын 1-январынан тартып, багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистенти - камкорчунун кызмат көрсөтүүсүнө айлык акы төлөнө баштаган. 4900 сомду түзгөн айлык акы бекитилген күндөн бери көбөйтүлө элек.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы убакта өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала бар. Анын ичинен 6 миң бала "ар дайым багууга жана кароого муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG