Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Еврошаркетте Кыргызстан менен кызматташтык талкууланды


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Брюсселде Еврошаркеттин жетекчилиги менен жолукту.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Брюсселде Еврошаркеттин жетекчилиги менен жолукту.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Брюсселде Еврошаркеттин жетекчилиги менен жолукту. 28-сентябрда министр Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу аймактын коопсуздук маселеси каралды. Тараптар 5-ноябрда Кыргызстанда өтө турган Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринчи экономикалык форуму тууралуу да пикир алышты.

Казакбаев Боррелден тышкары Европа Кеңешинин президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Саймон Мордю, Еврокомиссиянын кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич баштаган бир нече жетекчилер менен жолукту.

Кыргызстан Еврошаркет менен алакасын эгемендик алган 1991-жылдан тартып баштаган. 1999-жылы кызматташуунун алкагында негизги үч келишим түзүлгөн. Алар саясий диалог, экономикалык мамилелер жана ар кандай тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG