Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

УКМК Таластагы обладминистрацияда коррупциялык схеманы аныктаганын кабарлады


Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныкталды.
Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым кызматкерлер өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан бөлмөлөрдү коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражаттарды өзү алып жүргөн.

Мындан тышкары ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн курулган ведомстволук турак жайда коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен акча мыйзамсыз төлөнүп турган.

Иш атайын кызмат тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Аталган фактынын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдары иликтеп, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG