Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Элчилик: Москвада ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада октон жараат алып, ооруканада жаткан кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

27-сентябрда полицияга 26 жаштагы жарандын башына ок тийгени тууралуу маалымат түшкөн. Аны "Тез жардам" кызматы ооруканага жеткирген.

Бул факты боюнча Москва шаарынын Красносельск райондук тергөө бөлүмү "Адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын элчилиги жарандын абалы оор болгондуктан аны менен байланышуу мүмкүн эместигин белгилеп, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен чогуу бул ишке көз салып турарын маалымдаган.

Айрым жергиликтүү басылмалар 26-сентябрдын түнүндө Москванын Ольха көчөсүндө кыргызстандык жаранга ок тийип, оор абалда табылганын жазышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG