Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:15

Түркия Орусиядан ракета сатып алууга ниеттенип жатканын кыйытты


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Орусиядан дагы жаңы авиациялык ракеталарды сатып алууга ниеттенип жатканын кыйытып, Вашингтондун кыжырын келтирди.

НАТОго мүчө болгон Түркия 2019-жылы Орусиядан С-400 ракеталык системаларын сатып алган соң АКШнын F-35 программасынан чыгарылып, айрым бийлик өкүлдөрүнө санкциялар да киргизилген. Ф-35 программасына ылайык АКШ Түркияга аскердик учактарды сатмак.

АКШ НАТОго мүчө болуп туруп, Орусиянын ракеталык системаларын колдонуу Ф-35 программасына коркунуч туудурат деп эсептейт. Буга жооп кайтарган Түркия С-400 НАТОнун системасына кошулбастан өз алдынча иштетилерин билдирген.

Режеп Тайып Эрдоган АКШнын CBS каналына берген маегинде АКШ Түркияга америкалык “Патриот” ракеталарын сатып алууга мүмкүнчүлүк бербей койгонун айтты. Ал Түркия АКШга 1,4 миллиард доллар которгону менен дагы деле Ф-35 аскер учактарына жете электигин кошумчалады.

С-400 коргонуучу системасын адистер дүйнөдөгү эң мыкты коргонуучу ракеталык системалардын бири деп тааныган.

Путин менен Эрдогандын жолугушуусу 29-сентябрга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG