Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

COVID-19: бир бейтап каза болуп, 56 жаңы учур катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 26-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан бир бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2600 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 56 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (29 киши). Ысык-Көл менен Чүй облустарында 11 жана 10 кишиден инфекция аныкталган. Талас, Нарын, Баткен облустарында катталган эмес. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 178 258 адамга жетти.

Бир күндө 84 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 508 бейтап жатат, дагы 824ү үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза тапкан. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал экенин 24-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да көрсөтүлгөн сандан көп экенин айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG