Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Милиция Өзгөндө үлпөт тойдо асманга ок атылган окуяны иликтей баштады


Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Кайрат айылында 25-сентябрь күнү үлпөт тойдо белгисиз куралдан ок атылган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында тойдо автоматтан ок чыгарган бала Ош шаарынан куралы менен кармалып, райондук милицияга өткөрүлүп берилген.

Текшерүү учурунда курал уулун үйлөнтүп жаткан кишиге таандык экени аныкталган. Ал аны Орусиядан атайын тойго алып келгенин айткан.

" Х. А.С өзү жашаган турак жайда, үйүндө баласын үйлөнтүп той берип жаткан учурда, атайын Орусия Федерациядан сатып алып келген ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү үн чыгарып, жарык берүүчү куралды баласынын досу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылынын тургуну 20 жаштагы А.Ш.Ага асманга атуу максатында берген", - деп жазылган Ош ОИИБнын маалыматында.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып, жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Өлкө аймагында үйлөнүү үлпөттөрүндө бейбаштык кылган учурлар байма-бай учурап жүрөт. Буга чейинки жолдун баарын тосуп алып, автоунаа айдап, жол коопсуздук кызматкерине кол көтөргөн учурлар катталган.(DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG