Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Президент Жапаров мамкатчы жөнүндө жобону бекитти


Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекитти. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Жободо мамлекеттик катчынын милдеттери, ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик катчы кызматына президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чолпонбек Абыкеев 2021-жылы июль айында дайындалган.

Мамлекеттик катчынын кызмат орду Кыргызстан эгемендик алган жылдары, алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда калк “президенттик” жана “парламенттик” башкаруу формаларын тандаган. Анда Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG