Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Батыш Казакстан облусунда 27 мектеп карантинге жабылды


Казакстандагы меектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы меектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Батыш Казакстан облусунда 27 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү "Мой город" сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, окуу жылы башталгандан тартып 306 окуучуга коронавирус жуккан. 1-сентябрдан бери 62 мугалимден COVID-19 табылган. Мыдан улам 27 мектепте 46 классты карантинге кетирүү тууралуу чечим чыкканын Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Айдар Нуралиев билдирди.

Казакстанда 1-сентябрдан тартып окуучулардын басымдуу бөлүгү офлайн окууга өткөн. Буга чейин Чымкентте 5 миң, Алматы облусунда 2,6 миң окуучу карантинге жиберилгени кабарланган.

Расмий Нур-Султан өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну күч алганын августтун соңунда билдирген. Өзгөчө Алматы жана баш калаа Нур-Султанда вирусту жуктуруп алгандар көп катталууда. Казакстанда бир суткада 2324 кишиден коронавирус аныкталып, 54 адам каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG