Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада жанданарын билдирди


Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахян. 9-сентябрь, 2021-жыл.
Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахян. 9-сентябрь, 2021-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахяндын айтымында, Тегеран "чукул арада" дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн 2015-жылкы келишимди кайра калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө кайтат.

Иран быйыл Венада өзөктүк келишимди кайра жандандыруу боюнча алты айлампадан турган сүйлөшүүлөргө катышкан.

Сүйлөшүүлөр быйыл июнь айында Иранда президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси утуп чыккандан кийин токтоп калган.

Министрдин билдирүүсүнө чейин Раиси Башкы Ассамблеяга жасаган кайрылуусунда Тегеран келишимди жандантып, АКШнын Иранга киргизген санкцияларын жоюу боюнча дүйнө лидерлери менен сүйлөшүүнү көздөрүн айткан.

Ошол эле күнү АКШ президенти Жо Байден эгер Иран келишимди жандандырууга макул болсо, Вашингтон да сүйлөшүүлөргө кайтууга даяр экенин билдирген.

2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. Американын мурдагы президенти Дональд Трамп 2018-жылы Вашингтон келишимден чыкканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG