Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Сариев менен Нарымбаев 30-ноябрга чейин камакта калтырылды


24-сентябрда сот алдына чогулган Сариевдин тарапташтары.
24-сентябрда сот алдына чогулган Сариевдин тарапташтары.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда ушундай чечим чыгарды.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Нарымбаев 9-июндан бери, Сариев 3-августтан бери камакта. Сот отуруму болуп жатканда сыртта Сариевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылып турушту.

Райондук соттун ушул күнкү чечими менен Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин камактагы мөөнөтү да 30-ноябрга чейин узартылды.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG