Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Кыргызстандын өкүлдөрү "Талибандын" министри менен жолукту


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Маулви Амир Хан Муттаки. Сүрөт "Твиттерден" алынган.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Маулви Амир Хан Муттаки. Сүрөт "Твиттерден" алынган.

Ооганстандын "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушту.

Бул тууралуу 23-сентябрда талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Твиттерге" жазды.

Ал жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация бул жолугушуу тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн шейшембиде Масадыков "Азаттык" радиосуна берген интервьюда Ооганстанда жаңы өкмөт куралганын, алар менен баары бир байланыш түзүүгө туура келерин айткан эле. Антпесе Ооганстан изоляцияда калып каларын кошумчалаган Масадыков ошол эле маалда "мындай мамиле "Талибанды" таануу дегенди түшүндүрбөйт" деп белгилеген.

Кыргызстанда тыюу салынган радикал кыймыл Ооганстан аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып бийлигин орноткон.

Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG