Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

АКШ Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасына уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек агенттиги айрым адамдарга COVID-19 илдетине каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын (бустер) колдонууга уруксат берди. Препарат 65 жаштан улуу адамдарга, саламаттыгы начар жаштарга, жумушуна байланыштуу коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору болгон кызматкерлерге (дарыгерлер, мугалимдер) сайылмакчы.

Жараян башталгыча дагы бир топ жактыруулардан өтүүгө тийиш. Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарынын үчүнчү дозасы боюнча чечим чыга элек.

Президент Жо Байдендин администрациясы коронавирустун «дельта» вариантынан жакшылап коргоо үчүн дээрлик бардык чоң кишилерге бустерди сайууга уруксат берүүнү пландаган.

Буга катар Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун комиссиясы үчүнчү доза маселесин талкуулап жатат. Алардын чечими бейшембиде белгилүү болмокчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG