Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Kумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Kумтөр Голд” ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга же Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылды. Мындай чечимди парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алды.

Быйыл 17-февралда Кумтөр кенинин ишин иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп кийин ал мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.

Мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра Голд” кыргыз тарап койгон айыптарды четке кагып келет.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG