Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Догоев: “Яндекс” таксисттери электрондук патент алат (видео)


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Кыргызстанда “Яндекс” сервисинин таксисттери электрондук патент алууга милдеттендирилет. Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдун сөзүнө караганда, бул боюнча ишкана менен сүйлөшүүлөр дээрлик жыйынтыкталды.

“Салык кызматында электрондук патент бар. Ал жок болуп салык төлөнбөсө, таксист кардар ташый албай калат. Ушундай эреже киргизип жатабыз. “Яндекс” мындай талапты бардык такси кызматтарына киргизип бергиле деп суранды”, - деди Догоев.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында депутаттар “Яндекс” Кыргызстанда монополист болуп алганын, бирок салык төлөбөй жатканын сынга алышты. Ошондой эле жол киренин баасын көтөрүп жибергенин айтып, көзөмөлгө алуу талабын коюшту.

Бизнес формасы жагынан алганда “Яндекс” – такси кызматы эмес, маалымат сервиси. Анын өзүнүн машинелери, айдоочулары жок. Сервис жергиликтүү өнөктөш парктар менен иштешет, алардын иши айдоочулар менен кызматташууга негизделген.

“Яндексти” буюрутма кылган жүргүнчү иш жүзүндө анын тиркемесин гана пайдаланат. Чакырууга жергиликтүү компаниянын бир таксисти келет, ал компания болсо “Яндекс” менен кызматташат.

Бишкекте февраль айында жергиликтүү такси айдоочулар акцияга чыгып, “Яндекс” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемеге бөгөт коюуну талап кылышкан. Алар компания көптөгөн айдоочуларды өз катарына тартып алганы менен комиссияны көбөйтүп салганын, жергиликтүү кызматтар атаандаштыкка туруштук бере албай калганын айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG