Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Тажикстан тарап кармап кеткен кыргыз жараны үйүнө коё берилди


Кыргызстан-Тажикстан чек арасы.
Кыргызстан-Тажикстан чек арасы.

Тажикстан тарап кармап кеткен кыргыз жараны коё берилди. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттык” радиосуна Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, Кубанычбек Акматов азыр өз үйүндө.

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну, сегиз баланын атасы Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Кармоо учурунда жанынан болжол менен 100 кг ферула чөбү табылганы айтылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Акматов Үч-Дөбө айылы тарапка дары чөп чогултуп барганын, аны транзит жолдон кармап кетишкенин жана тажик жарандарына мыйзамсыз чөп сатууга аракет кылган деген айып коюшканын маалымдаган.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешсе, анын дээрлик 50 пайыздан ашыгы такталбаган шарттуу чек ара боюнча турат.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий жарыяланган. Эки мамлекет тең бул жаңжалга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG